Кыргызстанда банк тармагы негизинен жогорку пайыздарды коюу менен байып жатышканын коомчулук дайыма талкуулап келет. Эмнеге өлкөдө ушундай? Пайыздык комюар инфлацияга алып келеби? Тиешеси канчалык? Азыркы абалда пайыздык коюмдарды азайтуу үчүн эмне кылуу керек жана анын өлкө экономикасына таасири кандай болот?
Биз бул суроолорубузга "Экономикалык панорама" уктуруусунун алкагында жооп алууга аракеттендик.