Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?

Sputnik
Өлкөдө мейманканаларды классификациялоо системасы 1995-жылдан бери ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп келген. Эл аралык жана рыноктогу талаптарга жооп бербейт. Азыркы долбоордун мурдагыдан айырмачылыгы техникалык жагын гана эмес тейлөө сапатын дагы аныктайт. Мисалы, дүйнөгө белгилүү атайын платформалар аркылуу мейманкана, конок үй, боз үй, курорттор коноктор тарабынан бааланат. Ошондой эле келе жаткан жай кандай сапаттагы тейлөөнү көргөзө аларын алдын ала так билүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Тагыраагы туристтердин канааттануусун жогорулатуу максатында жайгаштыруу объектилери үчүн классификация системасын жаңылоо зарылчылыгы белгиленгенин Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев маалымдады.