Кыргызстандагы абактарда массалык ачарчылык жарыяланганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. "Бул фейк, ЖАКтын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин бир катар ЖМКлар Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы чыгып түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялаганын жазышкан. Жума күнү №1 тергөө абагында бет капчан адамдар камактагыларды сабап жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты да төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн кабарлаган.
Бир катар кыргызстандыктар Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлык алат. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланган. Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, 197 адамга мамлекеттик сыйлык берилмекчи. Алардын арасында жазуучу Кеңеш Жусупов, жазуучу Акбар Рыскулов, ырчы Шахра Талипова бар. Ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жана анын машыктыруучусу Беганас Султанбаев дагы президенттен сыйлык алышмакчы. Толук тизме менен президенттин сайтынан таанышып алсаңыз болот.
2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда "персоналдык ассистент" кызматын 14 миң 976 адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алардын 9 504ү балдар, ал эми 5 472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. "Аларга 14 673 жаран жеке ассистент кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн төлөм 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, бул кызматтын киргизилиши иштегенге мүмкүнчүлүгү жок адамдар пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берет.
Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI бүткүл россиялык Приоров форумунда тапшырылган. "Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын Травматолог-ортопеддер ассоциациясынын эң жогорку сыйлыгы — Николай Приоровдун алтын медалы менен сыйланды. Ал иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган", — деп жазылган маалыматта.Аталган сыйлыкты тапшыруу чечими 26-ноябрда кабыл алынганы кошумчаланды.
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп анын өлкөсүндө эки — эркек менен аял деген гана жыныс болорун, аны мамлекеттик расмий саясаттын деңгээлинде бекитүүгө убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин Times басылмасы аскердик тармактагы маалымат булактарына таянып, Трамп трансгендер аскерлерди кызматтан бошотууга ниеттенип жатканын, мындан улам армиядан 15 миң киши кетерин жазган. Анда жарлыкка Трамп, балким, өзүнүн президенттик мөөнөтү башталганда эле кол коюп коюшу ыктымалдыгы, ал медициналык көрсөткүчтөрүнөн улам Америка армиясындагы бардык трансгендерлерге тиешелүү болору айтылган.Мамлекеттик кызматты майнаптуу кылуу боюнча жаңы депарматенттин жетекчилигине дайындала турган ишкер Илон Маск балдардын жынысын алмаштырган операцияларды жасаган дарыгерлерди түрмөгө отургузуу демилгесин колдоорун айткан.