Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?

Sputnik
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги абанын сапатын өлчөгөн жабдууларды сыноонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Министрликтин инспекторлору шаардын бир катар мекемелерине орнотулган аба сапатын текшерүүчү жабдуулар текшерген. Жыйынтыгында жабдуулар абанын сапатын өлчөөдө Кыргызстандын белгиленген мыйзамдарына ылайык келбегени аныкталган. Ал жабдуулар мамлекеттик текшерүүдөн өткөн эмес жана калибрленген эмес деп белгиленди. Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби?
Бул суроого Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу жооп берди.