Өлкөдө кургак учуктун жайылышын алдын алуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Мындай демилгени Саламаттык сактоо министрлиги көтөргөн. Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы №758 токтомуна ылайык, кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга тыюу салынган жумуштардын тизмеси бекитилди. Бул тизмеде кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында белгилүү жумуштарда иштөөгө чектөөлөр киргизилген. Тыюу салынган жумуштардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: тамак-аш өндүрүшү жана коомдук тамактануу чөйрөсү; коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө кызматкерлери; тамак-аш жеткирүү кызматтары; хирургиялык жана медициналык мекемелердин айрым бөлүмдөрү; билим берүү жана тарбиялоо мекемелери,дарыканалар жана фармацевтикалык ишканалар; жеке жана мамлекеттик мончолор, бассейндер, мейманканалар, жатаканалар; чачтарачтар, сулуулук салондору, косметологиялык кызмат көрсөтүү жайлары; спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору,суу түтүк курулмалары жана суу менен камсыздоо ишканалары. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу экенин белгилеп, Кыргызстан кургак учуктун көп дарыга туруктуу түрү жайылган 30 өлкөнүн катарына кирерин билдирген.
"Финюст консалт" агенттигинин негиздөөчүсү, отставкадагы судья, бизнес-юрист Калыгул Салиев салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жеңилдиктерди алып салуу жыйынтык бербей турганын айтты. Салык туруктуулугун сактоо үчүн мыйзамга жылына бир гана ирет өзгөртүү киргизүү эрежеси — туура кадам. Бирок ишкерликтин тигил же бул тармагында берилген жеңилдиктерди жоюп салуу бүгүн жакшы болгону менен келечекте анчалык деле эффективдүү болбой калат.Анын айтымында, жеке билим берүүчү жайларга берилген салык жеңилдигин алып салуу баасын кымбаттатып, жыйынтыгында кайра эле салык төлөөчүлөргө жүк болот.Ал жоюу, жазаны күчөтүү сыяктуу механизмдерди киргизүү Салык кызматын жазалоочу органга айландырып, жыйынтыгында кызматкерлеринин арасында коррупция күчөшү ыктымалдыгын кошумчалады.
2025-жылы Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында 14 команда ойной турганын Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. 20-декабрда Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жыйыны өтүп, анда төрт жаңы клубду кабыл алуу чечими чыкты. Алар: "Азиягол" , "Барс", "Бишкек сити" жана "Өзгөн" клубдары. Учурда республиканын чемпионатында 10 клуб бар, эми келерки жылдын жаз мезгилинен тарта башталчу сезонго 14 клуб катышат. Ысык-Көл облусунун командасы чемпионатта биринчи жолу ойнойт.
Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт жана аялдар менен балдарды коргоого багытталат. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин билдиргенин РИА Новости жазды.Буга чейин Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген. Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болгон. Гайнутдин