БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында Регионалдык олимпиадалык резерв мектеби ачылды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Эми бул мектепте өлкөнүн намысын коргоп, олимпиада оюндарына катышууга мүмкүнчүлүгү бар жогорку квалификациялуу спортчулар машыгат. Анда грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, оор атлетика жана спорттун башка түрлөрү боюнча даярдыктар жүргүзүлөт.
Жаңы окуу жайда заманбап машыгуу залдары, спорт аянтчалары жана теориялык сабактар үчүн класстар бар. Мындан тышкары, спортчулар үчүн мектептин базасында медициналык кабинеттер уюштурулган. Мектепте спорттон тышкары психологиялык, ошондой эле ден соолук жана туура тамактануу маселелерине да өзгөчө көңүл бөлүнөрү айтылды.