БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россия өз кызыкчылыгына зыян келтирбестен АКШ менен мамиле түзүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Павел Зарубин менен маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы Батыш азыр кырдаалды курчутуп жатканын айтып, Россия кандай чакырык болбосун баарына жооп берерин белгилеген.
"Азыркы каршылашыбыз эмне кылып жатканын көрүп жатабыз. Алар кырдаалды курчутууда. Эгер ушундай кылгылары келип жатса, мейли, курчута берсин. Биз кандай гана чакырык болбосун, баарына жооп беребиз", — деген Путин.
Президенттин айтымында, оппоненттер Россия бардык чакырыктарга жооп берүүгө даяр экенин түшүнгөндө бир пикирге келүүгө убакыт жетти деп билет. Путин коркунуч көбөйүп жатканын, үчүнчү дүйнөлүк согуш менен эч кимди коркутпаш керектигин кошумчалаган.