БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында 14 команда ойной турганын Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
20-декабрда Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жыйыны өтүп, анда төрт жаңы клубду кабыл алуу чечими чыкты. Алар: "Азиягол" (Бишкек), "Барс" (Каракол), "Бишкек сити" (Бишкек) жана "Өзгөн" (Өзгөн) клубдары.
Учурда республиканын чемпионатында 10 клуб бар, эми келерки жылдын жаз мезгилинен тарта башталчу сезонго 14 клуб катышат. Ысык-Көл облусунун командасы чемпионатта биринчи жолу ойнойт.