Газа секторунда көз жумгандардын саны 45 миңден ашты

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Израилдин Газа секторунда 2023-жылдын 7-октябрында баштаган аскердик операциясынын жүрүшүндө 45 259 киши көз жуумп, 107 627 адам жаракат алган. Бул тууралуу Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин жекшемби күнү жарыялаган отчетунда айтылганын РИА Новости кабарлады.
Документке ылайык, өткөн суткада эле Израиль армиясынын төрт ирет жасаган соккусунан 32 адам каза таап, 54 палестиналык жарадар болгон.

"Ушу кезге чейин урандылардын алдында калган сөөктөр бар. Куткаруучулар менен медиктердин тобу аларга азырынча жетпей жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 43 миңден ашык палестиналык каза болуп, 103 миңден көбү жаракат алган.
Россия ТИМи тараптарды жаңжалды токтотууга чакырып келет. Москванын позициясы боюнча, согушту БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формуланын негизинде 1967-жылы борбору Чыгыш Иерусалим болгон чек араларда Палестина мамлекетин түзүү менен жөнгө салуу мүмкүн.
Жакынкы Чыгыш чоң согуштун босогосунда турат. ЖККУ ПАсы тынчсыздануусун билдирди