"Азия футбол конфедерациясы талаптарды күчөтүп, ага ылайык, ар бир клубдун түзүмүндө кыз-келиндердин командасы болушу шарт. Бирок биздеги командалардын абалы белгилүү болгондуктан катуу талап коё алчу эмеспиз. Эми жылдан-жылга клубдардын саны өсүп жатат. Бул шарт лицензиялоодогу талаптардын тизмегине кошулган. Ага ылайык, клубдар 14 жана 16 жашка чейинки өспүрүм кыздардан турган командаларды түзүшү керек. Ал эми чоңдор арасында кыз-келиндер командасын түзүү сунуш иретинде киргизилет. Мындан тышкары, акыркы сегиз жылда ата-энелердин колдоосу менен өспүрүмдөр футболун сактап калдык. Себеби алар футбол секциясы үчүн акча төлөп, баласын академияларга берип, мыктылары футболдук клубдарда ойноп калды. Мамлекеттин колдоосу менен "Барселона" клубунун академиясы да ачылып, балдарды машыктыра баштады", — деди Сыдыков.