БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте 102 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болгонун бизге Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Саруу айылында өтөт.
Урманбетов Беларусь менен Украинанын аймагында согушкан. Улуу Ата Мекендик согуштун II тобундагы майыбы болгон. 1943-жылдын декабрында эки аскер менен бирге немецтердин жүк жүктөлгөн 76 унаасын колго түшүргөн.
Улуу Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана башка медалдар менен сыйланган. Ошондой эле Даңк медалы ыйгарылган.
Урманбетов жазуучу жана акын болгон. Ал кары-картаңдарга, майыптарга жана кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүп келген. Ардагердин 6 баласы, 68 небере жана чебереси бар.
Быйыл мэрия ага батир белек кылган эле.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы Асек Урманбетовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.