БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагында 28-декабрга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 22-декабрда түнкүсүн жана 28-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Калган мезгилде күн ачык болот. Жер-жерлерде туман түшүп, жолдор тайгак болот.
Чүй облусу жана Бишкек шаары
22-декабрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
23-27-декабрда жаан-чачын жаабайт. 28-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Талас жергеси
Жуманын соңуна чейин күн ачык болуп, туман түшүшү мүмкүн. 28-декабрда күндүз кар жаап баштайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Республиканын түштүк аймактарында күн ачык болот. Болгону аптанын соңунда, тагыраагы, 28-декабрда, күндүз кар жаайт.
Ысык-Көл чөлкөмү
Аптанын башында, 22-декабрда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Ошону менен күндүн көзү 28-декабрда бузулуп, кар жаашы ыктымал.
Нарын аймагы
22-декабрда түнкүсүн жана 28-декабрда кар жаашы мүмкүн. Ортодогу мезгилде суук, бирок күн ачык болот.