Бишкектеги айланма жол күзгө чейин 6 тилкелүү болуп салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып айтты. Мамлекет башчы Кант — Бишкек жолунун курулушу февраль-март айларында башталып, күзгө чейин бүтөрүн билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы бул иш уланып, Токмок — Кеминге чейин жасалат. "2025-жылы Бишкектен Кантка чейинки жолду курууга каражат бөлүнгөн, министрлик күн жылыса ишти баштайт. Айланма жол Сокулуктагы ГАИ постунан баштап Канттан келе жаткан ажырым жолго чейин алты тилкелүү болуп курулат. Бул жумуш жазда башталып, күзгө чейин аяктайт", — деди Жапаров. Ошондой эле ГЭС-5ке баруучу жолду 4 тилкелүү кылып кеңейтип жасалары кошумчаланды.
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эки күнгө созулган III Элдик курултай кечээ өз ишин жыйынтыктады. Курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты. Эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү. Соңунда делегаттардын айрым суроолоруна мамлекет башчысы өзү жооп берди. Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
2024-жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстандан Өзбекстанга 2 млн 123 миң турист келген, деп билдирет Өзбекстандын Туризм комитетинин кызматы басма сөз кызматы. Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11 айы аралыгында Өзбекстанга 7,3 млн чет элдик турист келген, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18,8% га (1,15 млн адамга) көп. Туристтердин негизги агымын, Кыргызстандан тышкары, Тажикстандын (2 млн 123,1 миң адам), Казакстандын (1,4 млн) жана Россиянын (741,2 миң) жарандары түздү. Өзбекстанга туристтер эң көп келген алдыңкы он өлкөнүн катарына Түркмөнстан (171,2 миң), Түркия (108 миң), Кытай (66,6 миң), Индия (63,4 миң), Түштүк Корея (39,1 миң), Афганистан (38 миң) жана башка өлкөлөр (428,8 миң) кирди.
Мектепке кирүү үчүн орус тилин билүүнүн деңгээлин текшере турган тест мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз өткөрүлөт. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Билим берүү министрлигине шилтеме берип жазды. Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектепке алууга тыюу салган мыйзамга комментарий берген. "Мамдума орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектепке албоого укук берген мыйзам кабыл алды. Жалпы жонунан бул түшүнүктүү эле нерсе. Тил билбеген балага билим берүү мүмкүн эмес да. Балага алгач орус тилин үйрөтүү керек, буга кетчү чыгымды ким төлөйт?" — деди Путин. Анын айтымында, эмгек мигранттарынын санын азайтуу үчүн квалификациясы жок жумушчуларга болгон талапты кыскарта турган технологияларды колдонуу керек.