БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Садыр Жапаров айыл аймактагы молдолорго 8 миң сомдон маяна төлөнө баштаганын жана бул иш март айынан тарта бардык мечиттерге жайылтыларын билдирди.
Өлкө башчы III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берди.
"Дааватты эч ким тыйган жок. Болгону үймө-үй кыдырууга чектөө коюлууда. Азыр 233 айыл аймакттын молдолоруна 8 миң сомдон маяна берип жатабыз. Эми өлкөдөгү төрт миңге жакын мечиттин молдолоруна да төлөнө баштайт. Жылдын аягына чейин бул сумма 20 миң сомго чейин көтөрүлөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, башка булактар аркылуу табылды, анткени дин мамлекеттен ажыратылган," — деди Жапаров.
Ошондой эле ал садагаларды QR код аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жакында ишке ашарын белгиледи. Молдолор туура эмес агымдарга кирип кеткендерди туура жолго салуу боюнча иш жүргүзүшү керектигин да кошумчалады.