Магдебургдагы теракт: Жапаров Германиянын президентине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Магдебургдагы терактыга байланыштуу көңүл айтты.
“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.
Кечээ Магдебургдун борборундагы рождестволук жарманкеде жолтандабас топтолуп турган адамдарды коюп кеткен. Соңку маалыматтарга караганда, төрт адам каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алган.
Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза тапты