Жапаров: бензиндин литринен алынган бир сомго жайлоолорго чейин жол салынат

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Бензин менен дизелдин литринен бир сомдон алып, ошол акчага жайлоолорго чейинки жолдорду асфальттайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Солярка менен бензиндин ар бир литринен бир сомдон кармалат. Каражат фондго түшөт. Ал фонд аркылуу өлкө боюнча бардык жолдор жасалып, айылдарга эле эмес, жайлоолорго чейин жеткиребиз", — деди Жапаров.
Өлкө башчы бул каражаттан фонддо иштегендердин маянасына, техникасына коротулбай турганын кошумчалады. Ошондой эле ал бул жолду ким көп пайдаланса, ошол көбүрөөк төлөй тургандай ыкма экенин белгиледи.
"Бирөө 100 чакырым жүрөт. Башкасы аз айдайт. Ошол жолдо көп жүргөндөр асфальтты бузуп жатат да", — деди өлкө башчы.
Сизден башкасы иштейби өзү? Курултайдагы делегаттардын өзгөчө сунуш, суроолору