БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Электрондук капчыгынан 171,5 миң сомун уурдаткан жарандын акчасы кайтарылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылган.
"Жабырлануучуга бейтааныш киши Инстаграмдан акча утууга мүмкүн экендиги белгиленген шилтеме жөнөткөн. Ага кирген соң арыз ээсинин Мбанк электрондук капчыгына 171 500 сом насыя алынып, акча башка тарапка которулган", — деп жазылган маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, шектүү катары 32 жаштагы Д.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган.
Тергөөдө шектүү которуп алган акчага криптовалюта сатып алганы белгилүү болгон. Милиция жабырлануучунун акчасын толугу менен кайтарып бергени кошумчаланды.