Салык туруктуулугун сактоо үчүн мыйзамга жылына бир гана ирет өзгөртүү киргизүү эрежеси — туура кадам. Бирок ишкерликтин тигил же бул тармагында берилген жеңилдиктерди жоюп салуу бүгүн жакшы болгону менен келечекте анчалык деле эффективдүү болбой калат. Мындай пикирин Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеке билим берүүчү жайларга берилген салык жеңилдигин алып салуу баасын кымбаттатып, жыйынтыгында кайра эле салык төлөөчүлөргө жүк болот.
"Салык саясатын жүргүзүүдө биз революциялык эмес, эволюциялык жолду тандашыбыз керек. Бизнестин айрым түрлөрүнө салык төгүүдө берилген жеңилдиктер алып салынууда. Мисалы, ошол эле билим берүүчү жеке мектептерди алсак, алар өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн эми бааны кымбаттатат. Бул келип эле ата-эненин мойнуна түшөт. Ал ата-эне кайра эле мамлекетке салык төлөөчү болуп эсептелет. Мындай мисалдар көп. Албетте, баары эле келип баанын кымбатташын шарттайт дегенден алысмын. Бирок учурда биз, тескерисинче, жергиликтүү ишкерлерлерге берилип жаткан жеңилдиктерди жоюу менен эмес, санариптешүү аркылуу көмүскөдөгү бизнестерди чыгаруу механизмдерин күчөтүү менен салык чогултууну арттырсак болмок", — деди Салиев.
Ал жоюу, жазаны күчөтүү сыяктуу механизмдерди киргизүү Салык кызматын жазалоочу органга айландырып, жыйынтыгында кызматкерлеринин арасында коррупция күчөшү ыктымалдыгын кошумчалады.