БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектеги айланма жол күзгө чейин 6 тилкелүү болуп салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып айтты.
Мамлекет башчы Кант — Бишкек жолунун курулушу февраль-март айларында башталып, күзгө чейин бүтөрүн билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы бул иш уланып, Токмок — Кеминге чейин жасалат.
"2025-жылы Бишкектен Кантка чейинки жолду курууга каражат бөлүнгөн, министрлик күн жылыса ишти баштайт. Айланма жол Сокулуктагы ГАИ постунан баштап Канттан келе жаткан ажырым жолго чейин алты тилкелүү болуп курулат. Бул жумуш жазда башталып, күзгө чейин аяктайт", — деди Жапаров.
Ошондой эле ГЭС-5ке баруучу жолду 4 тилкелүү кылып кеңейтип жасалары кошумчаланды.