ЖМК: Германиядагы терактыдан 11 адам каза таап, 80 киши жаракат алды

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Магдебургдагы (Германия) рождестволук жарманкеде болгон терактынын кесепетинен кеминде 11 адам каза болуп, 60тан 80ге чейин адам жаракат алганын РИА Новости германиялык басылмаларга таянуу менен билдирди.
Унаанын айдоочусу топтолуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Welt басылмасынын маалыматы боюнча, айдоочу 1974-жылы туулган Сауд Арабиясынын жараны болгон.
Süddeutsche Zeitung гезити өз булактарына таянуу менен билдиргендей, шектүү 2016-жылы качкын деп таанылган.
Саксония-Анхальт федералдык штатынын премьер-министри Райнер Хазелофф эки адам каза болгонун, алардын бири кичинекей бала экенин айтууда.
Пакистанда темир жол бекетинде теракт болуп, 24 адам каза тапты