22-декабрга карата аба ырайы

22-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жекшембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -2...-7, Талас аймагында 0...-5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө -2...+3 градуска чейин жылыса, Ысык-Көл облусунда -1...-6, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күндүн табы -3...-5 градус суук, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болот.
Жапаров: бензиндин литринен алынган бир сомго жайлоолорго чейин жол салынат