Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр куруларын айттыОштун борбордук аянтында балаты жандырылат. Аземге бардык каалоочулар чакырылдыЖапаров Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды. Жакында эле Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал жана добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алган. Жапаров резолюцияга Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани жооп берип койгонун белгиледи. "Ал Европа парламенти Кыргызстандан миңдеген чакырым алыста туруп, эч бир далили жок эле кантип резолюция кабыл алып жатканын түшүнбөгөнүн билдирди. Туура айтты. Партиянын добуш сатып алганы белгилүү болуптур, биз анан алардын башынан сылашыбыз керекпи? Бизде үч революция болду, анын баары шайлоолор акыйкатсыз өткөнү үчүн болгон да. Силер биздин өлкөнүн кандай экенин элестете да албайсыңар, келип көрүп кеткиле, бизде баары ачык-айкын. Биз көз карандысыз мамлекетпиз, ошондуктан ички иштерибизге кийлигишпегиле", — деди Жапаров. Кыргызстандын ТИМи Европа парламентинин резолюция кабыл алышын республиканын укук коргоо жана сот органдарына одоно басым жасоо аракети деп сыпаттаган.
Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынан келген делегаттын аталган калаада ипотекалык үй куруу боюнча көтөргөн суроосуна жооп берип жатып билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына үйлөр курула баштады. «Балыкчы шаарына дагы ипотекалык үйлөдү курабыз. Бул боюнча иштер жүрүүдө», — деди Жапаров. Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.
Сириянын жаңы де-факто жетекчиси,Аш-Шараа «Хаят-Тахрир аш-Шам» эч качан террордук уюм болбогонун жана жарандарга кол салып, чабуул жасабаганын айтып өттү. Ошондой эле Сирия дагы Ооганстан сыяктуу болуп калбайбы?-деген суроого да жооп берди «Сирия Ооганстан эмес. Биздин өлкөдөгү башкаруу тарыхыбыз да айырмаланып турат. Аялдардын билим алуусун чектейт деген кооптонуу негизсиз. Бизде аялдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгү ачылган. Мисалы, биздин топ башкарган Идлибде университет бар. Андагы студенттердин 60%ы кыз-келиндер», — деген Сириянын жаңы лидери.
Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылат. Майрамдык иш-чара саат 19.00дө башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.Жаңы жылдык символдун бийиктиги 28 метрди түзөт. Майрам жандуу музыка менен коштолот. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун бул иш-чаранын кубанычын тең бөлүшүп, жаңы жылдык маанайда эс алууга чакырат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 90 сом 55 тыйынга рубль 84 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 22-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 22-декабрь, жекшембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -2...-7, Талас аймагында 0...-5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө -2...+3 градуска чейин жылыса, Ысык-Көл облусунда -1...-6, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болору болжолдонду. Борбор калаада күндүн табы -3...-5 градус суук, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болот.