Камбар-Ата-1 ГЭСи – муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн долбоор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда билдирди. Мамлекет башчысы өлкө энергетикалык жактан көз каранды болбой, өзүн-өзү камсыздоого өтөрүн баса белгиледи. "Жүздөгөн жылдар бою биздин ырыскыбызга айланган суу ресурсу келечекте өлкөбүздү алдыга жылдырган, экономиканы өнүктүргөн, энергия менен камсыз кылган жана электр кубатын экспорттоочу күчкө айланат", - деди президент. Белгилей кетсек, бүгүн,бүгүн Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү да катышып жатат.
Министрлер кабинетинин демилгеси менен республикада "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоору жигердүү ишке ашып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында малдын асылдуулугун арттыруу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ош облусунун 61 фермерине эт-сүт багытындагы асыл тукум мал сатып алынган. Жалпысынан 110 млн 670 миң сомго 837 асыл тукум мал сатып алынган. Анын ичинен 2 млн сомго голштейн тукумундагы 8 мал. 22 млн сомго швиц тукумундагы 110 баш, 19 млн 867 сомго симментал породасындагы 96 баш, 55 млн 773 миң 500 сомго абердин ангус породасындагы 479 баш мал алынган. Ошондой эле 11 млн сомго 180 баш топоз алынган.
Тоң районунда этнокомплекс куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, этнографиялык жана маданий мурастарды сактоо, ошондой эле туристтик потенциалды жогорулатуу максатында курулуучу этнокомплекстин эскиздик долбоору Тоң районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан даярдалды. Долбоорду ишке ашыруу менен райондун маданий байлыгын жана тарыхый мурасын сактап, жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк ачылат. Белгиленгендей, долбоордун алкагында райондун ички инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы туристтик маршруттарды иштеп чыгуу жана айылдарга социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү сыяктуу маанилүү багыттарга көңүл бурулат.
Россиянын мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат бергенин РИА Новости жазды. Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болду. Үй-бүлөнүн башчысы аялдарын материалдык жактан бирдей камсыздашы керек. Көп аялдуулукка жубайы төрөй албай калган же төрөгүсү келбеген учурда, репродуктивдүү маалдын бүтүшүндө же төшөк мамилесинде келишпестик болгондо жол берилет. Күйөөсү жаңы аял алууну көздөп жатканы тууралуу өзүнүн аялына айтууга милдеттүү. Ошондой эле