БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эгемен мамлекетти ички-тышкы коркунучтардан коргоодо кара жанды карч уруп иштеген эмгегиңиздердин жыйынтыгы — өлкөбүздүн бардык аймактарында бейпилдиктин, кооптуу делген чек ара тилкелерибизде тынчтыктын өкүм сүрүшү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 20-декабрь — Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылган.
Мамлекет башчы чекисттердин өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу эмгектерин белгилеген.
"Эгемен мамлекетибиздин коопсуздугун, анын аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдети сиздерге ишенип тапшырылган. Бул ыйык вазийпаны так аткаруу үчүн сиздер күнү-түнү бел чечпей, кара жанды карч уруп иштеп келе жатасыздар. Анын жыйынтыгы катары өлкөбүздүн бардык аймактарында бейпилдиктин, кооптуу делген чек ара тилкелерибизде тынчтыктын өкүм сүрүшүн белгилеп кетсек болот", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле ажо атайын кызматтагылардын коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүсүндө жетишилген натыйжаларды белгилеген.
"Ак ниет ишкерлердин эмгегин сүлүк курттай соруп, жарандардын бейпил турмушуна бүлүк салган кылмыштуу топтордон чечкиндүү түрдө арылып жатабыз. Экономикалык өсүшүбүзгө ушундай эле зыян келтирген аткаминер дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Жыйынтыгында өлкөбүздүн казынасына миллиарддаган каражаттар кайтарылып, экономикабыздын өсүшүнө олуттуу салым кошулду", — деп айтылган куттуктоодо.
Мамлекет башчы дүйнөдө болуп жаткан чакырыктарды алдын алуу үчүн жалпы эле күч органдарынын, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.