БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай башталды.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин спикери баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү, башка уюмдардын жетекчилери катышууда.
Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн. Курултай Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.