© Sputnik_Infographics
Өлкө кандай долбоорлорду ишке ашырып, канча инвестиция саларын инфографикадан карап таанышууга болот.
Казакстан — Карачаганакта "Лукойлдун" салымы арбын, Степногорскидеги тоо-химия комбинатында, "Буденовскоеде" "Росатомдун" жардамы көп. Бардыгы — 74 долбоор жана 10,1 млрд. долларык инвестиция.
Өзбекстанда 9,8 млрд. долларга каржыланган россиялык 24 долбоор иштеп жатат.
Беларуста "Технониколь" жыгачты кайра иштеткен завод жана бөлүштүрүүчү борбор түптөгөн. Баш-аягы — 4,2 млрд. долларлык 45 долбоор.
Арменияда 2016-жылдан тарта РФтин инвестицияларынын көлөмү 35 пайызга өскөн. Өлкө 3,7 млрд. доллар топтоду.
Кыргызстанда Unigreen Energy Ысык-Көл аймагында электростанция куруп жатат. Бардыгы болуп Кыргызстанда россиялык 1,8 млрд. долларлык 9 долбоор иштеп жатат.
Азербайжанда "Лукойл" Шах-Деңиз газоконденсат кенин иштетип жатат.