Бишкектеги ооруканада төрт жашар бала каза болду. Министрлик иликтөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Токтомуш Жекшенбай уулу аттуу жаран анын төрт жаштагы баласы дарыгердин шалаакылыгынан улам каза болуп калганын айтты.
Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.
Токтомуш Жекшенбай уулу кабарлагандай, окуя Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болгон.

"Кабыл алуу бөлүмүндөгү дарыгердин кайдыгер жана шалаакы мамилесинен улам төрт жаштагы уулумду жоготтум. Ал балама наркоз берип уктатып, колуна туш келген винкристин деген препаратты жүлүнгө сайган. Балама "уулуу затты" жүлүнгө саярда "туура эле сайып жатамбы" деп 10 жолу текшериши керек болчу. Жадагалса анализ алышы керек болчу. Анткен эмес. Бул дары туура эмес сайылса адам тирүү калбайт. Бардык нерв клеткаларын күйгүзүп, майып кылып өлтүрөт", — деп жазган Жекшенбай уулу.

Ал белгилегендей, наристе дарыны алып үйүнө баргандан кийин кусуп, башын көтөрө албай жатып калган.
"13-декабрда белине сайылчу препарат бизде калганын көргөндө гана дары алмашып калганын билдик. Аны биз үч айда бир жолудан, тогуз айда үч дозасын ооруканадан алганбыз. Эми акыркысын, төртүнчүсүн алганы жатканбыз. Балам оор абалда эмес болчу. Алты күн ооруканада жатып, 19-декабрда бул дүйнө менен кош айтышып кете берди", — деп жазган ал.
Сокулуктагы бала бакчадан беш жаштагы кыз чарчап калган