ФСБ генерал Кирилловдун өлүмүнө тиешелүүлөрдү өзбек кесиптештери менен бирге аныктоодо

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана Өзбекстандын атайын кызматтары Россиянын генерал-лейтенанты Игорь Кирилловдун өлтүрүлүшүнө тиешелүүлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында РИА Новости ФСБнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.
"РФтин Федералдык коопсуздук кызматы Өзбекстандын атайын кызматтары менен тыгыз иштешип, колго жасалган жардыргычтын жарылуусуна байланыштуу бардык жагдайларды жана мүмкүн болгон шериктерди аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
"Өзбекстандын атайын кызматтары мүмкүн болгон бардык жардамды көрсөтүп жатат", — деп кошумчалады ФСБнын маалымат кызматы.
Эске салсак, жарылуудан РФтин Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча аскердик бөлүгүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы, майор Илья Поликарпов каза болгон. Тергөө комитети тарабынан "Террордук акт, жарылуучу заттарды же түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактоо" жана "Жарылуучу заттарды же түзүлүштөрдү мыйзамсыз жасоо" беренелери боюнча иш козголгон. Көп өтпөй эле ФСБнын иликтөө иштеринен кийин бул кылмышты Өзбекстандын 29 жаштагы жараны колго даярдалган жардыргыч менен жасаганын аныктаган.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
АКШ, НАТОнун кызмат адамдарынын террорчулукту каржылаганы боюнча иш козголду