Бишкектеги “Газпром балдарга” спорт комплексинде таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Спорттук иш-чарага 22 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышты. Мелдештер чоңдор, жаштар жана ардагерлер арасында өтүп, атамекендик спортчулар жалпы 7 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медаль жеңди. Россиянын курамасы командалык эсепте 1-орунду, Кыргызстан экинчини алды. Бишкекте өткөн дүйнө чемпионаты тууралуу сөз кылабыз.