2030-жылга чейин ИДП үч триллион, консолидацияланган бюджет триллион сомдон ашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курултайда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолдору курулса айланасында күчтүү региондор калыптанып, логистикалык борборлор салынат. Ошондой эле Касымалиев министрлер кабинетинин алдындагы максаттарына токтолуп, ИДПнын өсүү темпи орточо 9 пайызда кармаларын убадалады. "Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллиард долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырабыз. Бүгүнкү күндө ИДП жан башына эки жарым миң долларды түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткиребиз. Консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 миллиард сомдон 2030-жылы 1 триллиондон ашырабыз", — деди Касымалиев.
Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өнөктүк отуучу мөөнөттөр: биринчи тур 2024-жылдын 23-25-декабрында; экинчи тур 2025-жылдын 13-15-январында; үчүнчү тур 2025-жылдын 20-22-январында; төртүнчү тур 2025-жылдын 27-29-январында өтөт. Министрлик ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу акы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөрүн белгиледи.
Социалдык тармактарда Токтомуш Жекшенбай уулу аттуу жаран анын төрт жаштагы баласы дарыгердин шалаакылыгынан улам каза болуп калганын кабарлады. Токтомуш Жекшенбай уулу кабарлагандай, окуя Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болгон. "Кабыл алуу бөлүмүндөгү дарыгердин кайдыгер жана шалаакы мамилесинен улам төрт жаштагы уулумду жоготтум. Ал балама наркоз берип уктатып, колуна туш келген винкристин деген препаратты жүлүнгө сайган. Бул дары туура эмес сайылса адам тирүү калбайт", — деп жазган Жекшенбай уулу. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.
Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды. "Мен Евробиримдикке АКШ менен болгон мамиледеги чоң кемчилигин биздин мунай менен газды сатып алып толуктай турганын айттым. Болбосо туруктуу алым каралат", — деди АКШнын жаңы шайланган президенти.РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 90 сом 55 тыйынга рубль 84 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 21-декабрга караган түнү айрым жерлерде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында -2...-7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1...+4, Ысык-Көлдө -4...+1, Нарында -4...-9 градус болот. Абанын температурасы борбор калаада -2…-4, Ош шаарында +1...+3 градус болот.