ЕАЭБде "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке өзгөртүүлөр кирип, чечим 26-ноябрдан тартып күчүнө кирди. Өзгөртүү үчүнчү жолу киргизилүүдө. Себеби оюнчуктарды өндүрүү тармагы өнүгүп, рынокто алардын ассортименти тынымсыз кеңейип, улам сайын жаңы түрлөрү пайда болууда. ЕАЭБдеги техрегламент жаңы терминдер жана оюнчуктардын жаңы түрлөрүнө коюлган талаптар менен толукталды. “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент эмнелерге мүмкүндүк берет? Өлкөдө оюнчуктардын сапаты кантип көзөмөлдөнөт? Ата-энелер оюнчук сатып алууда эмнелерге көңүл буруусу керек?
Ушул жана башка суроолорго “Ачык кеп” берүүбүздөн жооп ала алдык.