Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700дой делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин спикери баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү, башка уюмдардын жетекчилери катышууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн. Курултай Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.
Ошондой эле Бишкек шаарында өтүп жаткан III Элдик курултайда эң улгайган делегатка президент Садыр Жапаровдун атынан белек тапшырылды. Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, 98 жаштагы Улукбек Эргешов Чүй облусунан делегат катары шайланып келген. Ага тебетей кийгизилип, чепкен жабылды. Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, учурда курултайга жалпысынан 689 делегат катышууда. Анын 500ү эркек, 161и аял, 61и башка улуттун өкүлдөрү.
2025-жылы суу тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди."Менин божомолум боюнча, суунун көлөмү көбөйөт. Соңку жылдарда суу тартыш болду. Эми суунун деңгээли көтөрүлүшү керек. Биз Токтогул суу сактагычындагы суунун кооптуу деңгээлге чейин түшүшүнө жол бербейбиз. Генерация үчүн качан жана канча көлөмдө суу иштетүү керек экенин билебиз", — деди Ибраев.
Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул кызматты ээлеп турган Муса Жаманбаев 25-октябрда иштен алынган. Дүйшөнкул Чотонов мурда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси болгон.
Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөнүн мыйзамдуу бийлигинин өкүлдөрү менен жүргүзөт, бул юридикалык формалдуу маселе. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатканда билдирди. Владимир Зеленский шайлоого барып, мыйзамдуу президент болсо гана сүйлөшүүлөргө бара алат. "Эгерде Украина кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну кааласа, Украинанын ичинде бул процессти уюштура алышат. Ага мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок биз документке мыйзамдуулары менен гана кол кое алабыз. Азыр легитимдүүсү — Рада жана анын төрагасы. Бирок алар толугу менен азыркы режимдин башчысынын алдында турат. Бул — юридикалык формалдуу маселе. Өз ичтеринде каалагандай кылып уюштура беришсе болот, бирок кол коюуга келгенде легитимдүү бийликтин өкүлдөрү менен гана сүйлөшөбүз", — деди Путин. Анткен менен Украинанын мамлекеттик түзүлүшү бийликтин бир катар органдары президент тарабынан түптөлгөн системада экендигин эске салган. Эгерде өлкөнү башкарган кишинин бийлиги мыйзамсыз болсо, калгандары да легитимдүүлүгүн жоготорун эске салган. "Зеленскийдин буйруктарын аткаруу — мыйзамсыз иштерге катышкандык", — деген Путин.