Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жалпы өлкө аймагында быйыл 802 чакырым асфальт төшөлдү. Бул жыл башындагы болжолдон 20 %га көбүрөк болуп, коюлган план ашыгы менен аткарылган. Былтыр бул көрсөткүч 673 чакырым болгон. Муну менен катар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жыл башынан бери дагы кандай иштерди аткарганы туралуу министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев айтып берди.