БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен качан болбосун жолугушууга даяр экенин айтты.
РФ лидери 2024-жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берүүдө.
"Качан жолугарыбызды билбейм, ал бул жөнүндө эч нерсе айткан жок. Биз төрт жылдан ашык сүйлөшө элекпиз, бирок эгер ал кааласа сүйлөшүүгө, жолугушууга даярмын", — деди Путин.
Президенттин айтымында, Батыш Россиянын алсыз болушун абдан каалайт.
"Мен башка көз караштамын. Россия соңку эки-үч жылда бир топ күч алды деп эсептейм. Биз чыныгы эгемен өлкөгө айланып баратабыз, эч кимге көз каранды эмеспиз, экономикалык жактан алып караганда бекем турабыз, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүз чыңдалууда, Куралдуу күчтөрүбүздүн даярдыгы дүйнөдө эң жогорку деңгээлде турат. Бул биздин коргонуу өнөр жайыбызга да тиешелүү", — деди ал.