Пресс-борбор

Энергетика министри 2025-жылы суу тартыштыгы болбой турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 2025-жылы суу тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев
"Менин божомолум боюнча, суунун көлөмү көбөйөт. Соңку жылдарда суу тартыш болду. Эми суунун деңгээли көтөрүлүшү керек. Биз Токтогул суу сактагычындагы суунун кооптуу деңгээлге чейин түшүшүнө жол бербейбиз. Генерация үчүн качан жана канча көлөмдө суу иштетүү керек экенин билебиз", — деди Ибраев.
Пресс-борбор
Энергетика министри: Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи май айында өсөт