БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров жаңы имарат коопсуздук органдарынын ишин жакшыртып, натыйжалуулукту арттырарына ишенерин белгиледи. Президент бул башкармалыктын көп жылдар бою имараты жок болгонун, бул алардын милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарды жаратканын эске салды.
"Башкармалык бир нече объектини алмаштырган учурлар болгон, бирок бул алардын негизги функцияларын аткарууга тоскоол болгон эмес. Чүй облусунун калкынын санынын чоңдугу жана этностук ар түрдүүлүгү контрчалгын иштерин дагы да маанилүү кылат. Ошондуктан 2022-жылы жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы имарат 5000 чарчы метр аянтты ээлеп, заманбап материалдык-техникалык шарттар менен камсыздалган.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров жаңы имараттын инфраструктурасы менен таанышып, спорт залын, воркаут аянтчасын жана ашканасын көрдү. Жыйынтыктоочу символикалуу кадам катары президент башкармалыктын аймагына карагай отургузду.