Президент жаңыланган Илимдер академиясына барды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарга ылайык, өлкө башчы академиянын окумуштуулары жана кызматкерлерине жолуккан. Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти

2 / 6

Кабарга ылайык, өлкө башчы академиянын окумуштуулары жана кызматкерлерине жолуккан

3 / 6

Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты

4 / 6

"Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай.

5 / 6

Мындан улам быйыл академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнгөн", — деген Жапаров.

6 / 6

Мамлекет башчы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкканын кошумчалады

"Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам быйыл академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнгөн", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкканын кошумчалады.
Жапаров УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты