Путин Россиянын экономикасынын өнүгүшү тууралуу. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын экономикасы боюнча абал туруктуу, тышкы кооптуулуктарга, бизге таасир этүү аракеттерине карабастан, өнүгүү жолундабыз. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин 2024-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.
Президент эл аралык финансылык-экономикалык уюмдар Россияны Европа ичинде биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунга койгонун белгиледи.

"Эки жылдын ичинде Россиянын экономикасынын өсүшү 8 пайызды түздү. АКШда — 5,6 пайыз, Евробиримдикте — 1 пайыз, Германияда 0 пайыз болду. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча Европа ичинде биринчи, дүйнөдө төртүнчү орундабыз", — деди Путин.

Россия лидери муну менен токтоп калбастан, күүлөнүп алган темпти басаңдатпаш керектигин айтты.
"Канааттандыра турган башка да көрсөткүчтөр бар. Биричинден, дүйнө өлкөлөрү, экономика үчүн олуттуу болгон — жумушсуздуктун деңгээли. Ал бизде рекорддук төмөнкү көрсөткүчтө, тагыраагы, 2,3 пайыз болуп турат. Мындай нерсе эч качан болгон эмес", — деди Путин.
Президент өкмөт майнаптуу иштеп жаткандыгын, келечек туурасында ойлоп, өнүгүүнүн максаттарын түптөп жаткандыктарын кошумчалады.
Владимир Путиндин 2024-жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны. Видео