Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун максаты кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо экени айтылган.
Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилеринин өзүнүн ордунда жана жеке клиникаларда бир убакта жумушка орношуна тыюу салынат.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардан жогорудагыдай мыйзамды кабыл алууну өтүнгөн.
"Бардык жерде кландар бар. Дарыгерлер эртең менен мамлекеттик мекемеде иштеп, бейтаптарды түштөн кийин өзүнүн жеке менчик клиникасына жөнөтөт. Муну токтотуш керек", — деген министр анда.
Кыргызстанда ушу тапта баш-аягы мамлекеттик 193 оорукана бар.
ЕАЭБде медициналык технологияларды жеткиликтүү кылуу боюнча иштер жүрүүдө