Өрүктөн башка азыктарды өндүрүүнү жолго койсок өлкө экономикасына ири пайда алып келет. Бул тууралуу Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр жергиликтүү ишкерлер өрүктү кайра иштетүү жаатында активдүү аракеттерди көрүп жатат.
"Кыргызстанда өскөн өрүктөргө суроо-талап көп. "Шалах" сортундагы өрүктөрдү Беларусь, Россиядагы шире даярдаган заводдор алып жатат. Ал эми Баткенде "могадор" деген сорттогу өрүк бар, анын кактарына Россиядан, Европадан жана АКШдан суроо-талап көп болуп жатат. Бирок көйгөйлөр жок эмес. Алардын бири — сертификация. Кытай, Европа рынокторунун талаптары күчтүү. Россия менен бир экономикалык биримдикте болгон үчүн тоскоолдуксуз барып жатабыз. Сертификация маселеси чечилсе жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылмак. Дагы бир жагдай — өрүктү кайра иштетүүнү колго алыш керек. Жаңы жумуш орду түзүлүп, туруктуулук калыптанмак. Ошондуктан ушул багытта иштер жүрүп жатат", — деди эксперт.
Ошондой эле ал учурда өлкөдөгү өрүктөрдүн 60-70 пайызы кургатылып как катары сатыларын кошумчалады.