Пресс-борбор

Энергетика министри: Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи май айында өсөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Электр энергиясы үчүн тариф 1-майда көтөрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев биздин пресс-борбордо билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө электр энергиясына болгон эң арзан баа Кыргызстанда.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев
"Инфляция жыл сайын өсүүдө, биз болсо жабдууларды жана техникаларды алып жатабыз. Тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бүгүн саатына 700 киловаттка чейин колдонгондор 1,11 сомдон төлөөөдө, жазында буга 20-23 тыйын кошулат. Бул сумма анчалык чоң эмес", — деди министр.
Ошондой эле ал жарыктын баасы жыл сайын инфляцияга карап өсө турганын кошумчалаган.
Москвада энергетика боюнча эл аралык форум өттү