"Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" доктринасы кабыл алынды. Жарлыкка кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, документ өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан идеологиялык негиздерди жана стратегиялык багыттарды камтыйт.

"Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли, буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду", — деп жазылган жарлыкта.

Аталган документте кыргыз эли узак мөөнөттүү идеологияга, башкы багытка муктаж экени жазылган. Ошондой эле бул абалдан чыгуунун бири элди бир муштумга бириктире турган, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү зарылдыгы белгиленген.
Доктринада бир катар тармактар боюнча багыттар аныкталган. Алсак:
Таалим-тарбия жана маданият: улуттук нарк баалуулуктарын жайылтуу, заманбап билим берүүнү өнүктүрүү;
Экономика: жашыл экономика, инновациялык технологияларды киргизүү, экспортту жана ишкердикти колдоо;
Мамлекеттик тил: кыргыз тилин коомдун бардык тармактарында кеңири колдонуу;
Социалдык мамилелер: ынтымакты, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө;
Дин: мамлекеттин коопсуздугун жана элдин биримдигин сактоо максатында улуттук кызыкчылыктарга төп келген, тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш иш алып барууну милдеттендирүү;
Дене тарбия жана спорт: сергек жашоо образын калыптандыруу.
Уңгу жолдун негизги максаты мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу экени кошумчаланган.
Документ менен бул жерден толук таанышса болот.
Беш адамга Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар наамы ыйгарылды