ИИМ: соттолгон экс-аткаминер өнөктөшүн өлтүрүүгө буйрук берген

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ыкчам кызматкерлер буюртма менен киши өлтүрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, абакта жаткан адам бизнес-өнөктөшүн, отставкадгы полковникти буюртма менен өлтүрүүнү көздөгөн. Ошондой эле экөөнүн ортосундагы кастык карыздан улам чыкканы айтылды.
"Буюртма берген киши таанышы кокустуктан өлүшү керектигин белгилеп, сүрөт жана видео отчет жөнөтүүнү талап кылган. ИИМдин кызматкерлери кылмышты алдын алуу үчүн адам өлтүрүүнү жасалма уюштурушуп, буюртманы "өзүлөрү алып", өч алууну көздөгөн адамдын талабы менен "иш" бүткөндөн кийин сүрөт, видео жөнөтүшкөн. Ал адам буга 30 миң доллар убадалап, аны бир адамдан берип жиберген. Акча алып келген киши буюртма берген адамдын жакын тууганы экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ кылмыштын уюштуруучулары жана шериктери аныкталып, кармалганын кошумчалады.
Бишкекте эки жигитти тоноп кеткен куралданган бет капчандардын видеосу жарыяланды