БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым баңгизаттарды легалдаштырууну ойлонуп көрүүгө чакырды.
Бекешев бул тууралуу "Балдар жана жаштар арасында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып баруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Буга чейин бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган.
Анын айтымында, жашы жеткендер үчүн баңгизаттардын жеңил түрүнө уруксат берип, өтө зыяндууларынан коргоп калуу зарыл.
"Адам тыюу салынган нерсеге умтула берет. Бул — табият. Ал эми синтетикалык баңгизаттар эң зыяндуу. Аны жаштар колдонууда. "Табигый" баңгизаттар кымбаттап, химиялыктар жеткиликтүү болууда. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй баңгизаттын жеңил бир түрүнө жашы жеткендерге уруксат берүү жагын кароо зарыл. Эртели-кеч ошого барабыз, бирок, тилекке каршы, көптөгөн адамдардын тагдыры талкалангандан кийин болуп калышы ыктымал", — деди эл өкүлү.
Буга мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан Медербек Алиев макул эместигин айтып, бирок ар бир адамдын пикири бардыгын кошумчалады.
Аталган мыйзам долбоорунда сунушталган айыптар:
баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөсө — жеке жактарга 12 500 сом, юридикалык жактарга 35 000 сом;
күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртсө — 15 000 сом же 30 саат коомдук жумуш;
рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын (катуу таасир берүүчү) уруксаты жок берүү же ал документти жасалмаласа — 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин айып салуу каралган.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорго 69 депутат "макул" деп добуш берип, биринчи окууда кабыл алынды.