Адам өлтүрүүгө буюртма берүүгө экс-судья шектелүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө буюртма берүүгө аскер сотунун экс-судьясы Э.М. шектелүүдө. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ага ылайык, мурдагы аткаминер алдамчылык боюнча соттолуп, №1 тергөө абагында отурган.
"Экс-судья тергөө абагында отуруп, ага каршы арыз жазган адамды өлтүрүүгө буюртма берген. Ал үчүн 30 миң доллар берүүгө даяр болгон. Анын баласы акчаны "жалданма киши өлтүргүчкө" жеткирип берген. Соттун токтому менен мурдагы судьянын баласы камакка алынды", — деп билдирди булак.
Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн