Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Кабарга ылайык, өлкө башчы академиянын окумуштуулары жана кызматкерлерине жолуккан. Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты."Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам быйыл академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнгөн", — деген Жапаров. Мамлекет башчы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкканын кошумчалады.
2025-жылы Кыргызстанда трансформаторлорду курап чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты."Соңку жарым жылдан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн атайын техникаларды жана жеңил автоунааларды сатып алып жатабыз. Республикада аз чыңалуудагы кабелдер да чыгарылат. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, алар Кыргызстанда трансформаторлорду чогултууга даяр. Буюрса келерки жылы өлкөдө жыйналган аз кубаттуу трансформаторлорду сатып ала баштайбыз", — деди Ибраев. Министр жогорку кубаттагы трансформаторлор негизинен Кытайдан сатып алынарын кошумчалады.
Абакта жаткан адам бизнес-өнөктөшүн, отставкадгы полковникти буюртма менен өлтүрүүнү көздөгөн. Бул тууралуу ИИМ билдирди. экөөнүн ортосундагы кастык карыздан улам чыккан."Буюртма берген киши таанышы кокустуктан өлүшү керектигин белгилеп, сүрөт жана видео отчет жөнөтүүнү талап кылган. ИИМдин кызматкерлери кылмышты алдын алуу үчүн адам өлтүрүүнү жасалма уюштурушуп, буюртманы "өзүлөрү алып", өч алууну көздөгөн адамдын талабы менен "иш" бүткөндөн кийин сүрөт, видео жөнөтүшкөн. Ал адам буга 30 миң доллар убадалап, аны бир адамдан берип жиберген. Акча алып келген киши буюртма берген адамдын жакын тууганы экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен качан болбосун жолугушууга даяр экенин айтты. Россия лидери 2024-жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берүүдө. "Качан жолугарыбызды билбейм, ал бул жөнүндө эч нерсе айткан жок. Биз төрт жылдан ашык сүйлөшө элекпиз, бирок эгер ал кааласа сүйлөшүүгө, жолугушууга даярмын", — деди Путин. Президенттин айтымында, Батыш Россиянын алсыз болушун абдан каалайт. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 91 сом 29 тыйынга рубль 84 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 20-декабрга караган түнү айрым жерлерде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас аймагында -4...+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө 0...+5, Нарында -2...-7 градус болот. Күндүн табы борбор калаада 0…+2, Ош шаарында +2...+4 градуска көтөрүлөт.