Багып алган ата-энелер Балага кам көрүү планына ылайык түзүлгөн баланын жашоо-турмушунун коопсуздук чаралары жөнүндө маселелер боюнча окуудан өтүшөт жана окуудан өткөндүгүн ырастоочу расмий документ (сертификат) алышат. Андан соң бала багып алууга уруксат берилет. Бүгүнкү күндө 110 фостердик үй-бүлөдө 226 бала тарбияланууда. Эгерде фостердик үй-бүлө ачкан жубайлардын өздөрүнүн эки баласы болсо үчөөнү, ал эми балдары жок ата-энелер болсо 5ке чейин багып алышат.
Ошого жараша эмгек акы жана ар бир баланы камсыздоого жөлөк пул берилерин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев айтып берди.