Өлкөдө госпиталдык мектеп алгачкы жолу 2018-жылы Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборунда ачылып, кийинки жылы Ошто ишке ашкан. Госпиталдык мектептерде ооруканада узак убакыт дарыланган балдарга англис тили, кыргыз тили, тарых, математика сабактары окутулат. Мугалимдер химия алган балдардын абалына карап, алардын ар бирине өзүнчө көңүл бурулат. Бир жумада 12 саат сабак өтүлөт. Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга кам көрүп келген "Жардам берүү оңой" фондунун 10 жылдыгынын урматына Бишкекте "Билим берүү жана камкордук: Кыргызстандагы госпиталдык педагогика" аталышында форум өттү. Анда өлкөдөгү госпиталдык мектептердин көйгөйлөрү көтөрүлүп, мамлекет тарабынан колдоолорго муктаждыгы тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” берүүбүздүн алкагында кеп кылдык.