Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча долбоор башталарын мэриядан маалымдашты. Эки компания менен келишимге кол коюлган. Мэр Айбек Жунушалиев долбоор алкагындагы жумуштар өзгөчө көзөмөлдө болорун белгилеген. Долбоор саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды комплекстүү түрдө реконструкциялоого жана жаңылоого багытталган. Долбоордо ультра жарыктуу дезинфекциялуу системасын киргизүү жана жыттарды жоготуу, суунун сапатын анализдөө үчүн лабораторияларды алдыңкы технологиялар менен жабдуу жана саркынды сууларды тазалоону көзөмөлдөөнү автоматташтыруу камтылган.
Бишкекте россиялык “Евразия” бейөкмөт уюмунун аймактык кеңсеси ачылды. Анын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Россиянын элчиси Сергей Вакунов, КР билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Маданият министрлигинин кесиптик билим берүү секторунун башкы адиси Женни Сартпаева, КР Улуттук инвестициялык агенттигинин директору Талантбек Иманов, Россия элчилигинин билим берүү боюнча атташеси Роберт Федоров, “Русский домдун” жетекчиси Альберт Зулхарнеев, Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов жана башкалар катышты.
Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы жана анын жубайы кармалганын УКМК кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган адам ишти оң жакка чечип берүү үчүн жарандан эки миң доллар талап кылган. Кармалган аял күйөөсүн Бишкек шаардык сотунун жарандык коллегиясынын судьясы менен байланышып алар каалагандай чечим чыгаруусун өтүнүүнү суранган. Шектуу жардам берүүнү өтүнгөн, бирок ал мыйзамсыз ишке баруудан баш тартып, жарандык ишти кароону да токтоткон. “Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Сот бүгүн алардын бөгөт чарасын тандайт”, — деп айтылат маалыматта.
Германиянын, Италиянын жана Япониянын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясындагы Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы позициясы айыптоого татыктуу жана өткөн жүз жылдыктагы тарыхты эске алганда кооптуу тенденцияны көрсөтүүдө. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтты. Мурдараак АКШ, Германия, Канада, Италия, Япония жана Украина Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясындагы Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы добуш берген 53 өлкөнүн катарына кошулган. Мындай тоскоолдукка карабай документ кабыл алынган, тагыраагы, 119 мамлекет добушун берип, дагы 10у калыс пикирди карманган. "Өзгөчө Германия, Италия жана Япония айыптоого татыктуу. Алардын резолюцига каршы берген добушу бул мамлекеттердин XX кылымдагы тарыхындагы кара барактарын эсепке алганда кооптуу тенденция болуп турат. Мунун баары бизди алардын көптөгөн согуштагы адамзатка каршы кылмыштары үчүн, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана биздин Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жасаган геноциди үчүн чын жүрөктөн өкүнгөнүнөн күмөнсүүгө түрткү берет", — деген Захарова.