"Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлорду аткаруу максатында ачылган. Мекеме эки жыл аралыгында 20дан ашык өндүрүштүк ишкана ачып, иш алып барууда. Быйыл "Кыргыз индустрия" кандай жыйынтык көрсөткөнүн, кадр маселесин, инвестиция тууралуу "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев айтып берди.